Азербайжанда Каспий деңизинин түбү менен куур жаткырып жаткан "Макдермот" деген америкалык мунай компаниясынын жүздөгөн кызматкери бүгүн иш таштады. "Туран" маалымат агенттиги кабарлаганга караганда, алар айлыктын 15-20 пайызга көтөрүлүшүн талап кылууда. Иш таштагандардын айтымында, компания үчүн сырттан келип иштегендер жергиликтүү кызматкерлерге караганда алда канча көп акча табат.