Грузияда болсо бүгүн - элдик ыңкылаптын эки жылдыгы белгилене баштады. Аны менен байланыштуу президент Михаил Саакашвили бүгүн Тбилиси шаарында Европадагы демократия жана реформалар боюнча эл аралык конференцияны ачты, борбордук аянтта болсо эл чогулуп, шаан-шөкөт өткөрүлдү. Майрамга катышууга АКШ мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Мэтт Брыза келди.