Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

АКШ Кыргызстандын түштүгүндөгү электр тармагын жакшыртууга жардам берет

БИШКЕК. 22-ноябрда Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Иованович Кыргызстандын түштүк аймагын электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу максатын көздөгөн долбоордун техникалык-экономикалык негиздери үчүн эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы гранттык келишимге кол коюшту. Ага ылайык, АКШ тарап Кыргызстанга 186 миң 130 доллар каражат берет. Буга чейин кыргыз тараптын сунушун изилдеп чыккан АКШнын соода жана өнүктүрүү агенттиги аталган долбордун техникалык-экономикалык негизи үчүн жогоруда айтылган каражатты берүүгө макул болгон. Аталган келишимге кол койгон соң АКШ элчиси Кыргызстандын энергетика тармагы реформага муктаж экенин жана АКШ өкмөтү бул тармакка жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. Ал эми каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери АКШ 792 миллион долларлык гранттык жана техникалык көмөк көрсөткөнүн айтуу менен элчи айымга анын өлкөсүнүн мындай жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу каржы жана экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
XS
SM
MD
LG