Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Өкмөт экономиканы өнүктүрүү программасын иштеп чыкты


БИШКЕК. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйнынында премьер-министр Феликс Кулов билдирди. Аталган программада тоо-кен, энергетика тармактарын жана банк сисемасын түп тамырынан реформалоо каралган. Бул программа жакында президентке, андан соң парламенттин кароосуна сунушталат. Өкмөт башчы белгилегендей, энергетика тармагын реформалоо карапайм калктын кызыкчылыктарына каршы келбейт. Ал эми каржы министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, өткөн 10 айдын ичинде бюджетке 200 млн.го жакын сом түштү. Ал эми Дүйнөлүк банк тарабынан азырынча өлкөнүн бюджетин колдоого каражаттар бөлүнө элек. Аталган каржы уюму тарабынан Кыргызстанда «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилгенден кийин гана кредитттик макулдашууга ылайык, экинчи транш иретинде 5 млн. АКШ доллары бөлүнөт, деген шарт коюлган.

XS
SM
MD
LG