Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Өкмөт күйүүчү май маселесин чечүү аракетин көрүүдө


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов парламент жыйынында учурда өкмөт күйүүчү майга байланышкан маселени чечүү үчүн Орусия жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Анын негизинде, Кыргызстан Орусиядан сатып алган карамайды Казакстандын мунайды кайра иштетүүчү заводдору кайра иштеп чыгарып берет. Казакстандын өкмөт башчысы кайра иштетүүгө жана аны тоскоолдуксуз ташууга макулдук берди. Кулов орус тарап менен бул маселени жакында боло турган КМШ окмөт башчыларынын жыйынында сүйлөшөөрүн билдирди. Кыргыз өкмөтү келерки жазды утурлап, күйүүчү майдын атайын корун түзүп, 10 миң тонна солярка, 5 миң тонна бензин жана 1000 тонна мазут даярдоону болжолдоп жатат. Жазында бул күйүүчү майлар дыйкандарга сатылып алынган баасында сатылмакчы.

XS
SM
MD
LG