Киевдеги «Эгемендик» аянтында чогулган миңдеген адамдарга былтыркы толкундоолордун башында турган саясатчылардын бири Юлия Тимошенко кайрылды. “Мен баарыбыз сак болушубуз керек деп айткым келет. Азыр биздин каршылаштарыбыздын өч алууга болгон мүмкүндүгү болуп көрбөгөндөй күчөдү”, - деп эскертти экс-премьер Тимошенко. Украин президентинин басма сөз кызматы Ющенконун канында уулуу диоксин адаттагы нормадан 1000 эсе көп табылганын кабарлады. Президенттин саламаттыгын текшерүү – аны саясий максатта ууландырган деген шек боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында өткөрүлүүдө.