Кыш жакындаганы менен Бишкек жылуулук борборуна керектүү өлчөмдө көмүр ташылып келинбей, баарын башаламандык бийлеп аткан чакта «биз кимге акча которобуз?» деп «Электр станциялары» акционердик коому алакан жайып отурганын 22-ноябрдагы «Эркинтоо» гезити маалымдады.
Бөлүштүрүү компаниялары «Электр станцияларына» 3 миллиард 700 миллион сом карыз экенин 22-ноябрдагы «МСН» гезити да кабарлады. Энергетиктер жыл сайын 4 миллиард кВт саат электрдин баасын чогулта албай калышат. Бүтүндөй Күрпсай ГЭСи жыл бою талаага иштейт, деп жазат Т.Орлова.
Конституциялык кеңешмеде негизинен 3 маселе катуу коюлган болчу, деп белгилейт А.Чамашев «Башмыйзам «башын» элге бурду» деген макаласында. Ал маселенин биринчиси – президенттин өкмөттү өзү башкарышы, экинчиси – парламент депутаттарынын 100% партиялык тизме боюнча шайланышы, үчүнчүсү – Конституциялык соттун жоюлушу.
Конституциялык соттун аткара турган жумушу Жогорку сотко өтөрү мыйзам талабынан эмес, Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баековадан улам болуп жаткандыгына 23-ноябрдагы «МСН» гезитинде Л. Жолмухамедова «Мыйзам башкаруучудан өйдө» деген макаласында токтолгон. Автордун ырасташынча, А. Акаевди кыйла эле чочулатып келген Конституциялык сот анын кызматын кылып, бийлигин узартып келгенден башкага жарабады.
Конституциялык кеңешмеге катышкан үч жүздөн ашуун адамдын баары эле Башмыйзамга иштиктүү сунуш айта албастыгын, анын негизги принциптерин адистер менен президент К.Бакиевдин өзү эле аныктаганы оң, деп белгилейт О. Акматов 23-ноябрдагы «Республика» гезитиндеги макаласында.
Кыргызстандын күч бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча, өлкөдө 162 уюшкан кылмыштуу топтор бар. Алар менен күрөшүүгө азыркы бийликтин чама-чаркы чакталуу болууда. Ошондон атайын кызмат адамдарынын санын дагы 4 миңге чейин көбөйтүү сунушу 21-ноябрдагы Коопсуздук кеңеш жыйынында айтылганын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити комментарийледи. Криминал минтип башаламандык чыгара берсе мамлекетти башкаруу мүмкүн болбой каларын К. Конгантиев атайын эскертти, деп ырастайт гезит кабарчысы Д. Каримов.
Бюджеттик акчаларды уурдоо, салыктан качуу дагыле күчөп жатканын 22-ноябрдагы «МСН» гезити да жазды. Ак жакалуу мыйзам бузуучулардын айынан өлкө быйыл 573 миллион сом зыян тартканы айтылды. Бирок да Коопсуздук кеңеш жыйынындагылар кылмыштуулукка каршы кантип күрөшүүнүн ыктуу жолун айта алышкан жок. Тек криминал авторитеттердин катышуусунда менчик бөлүштүрүлүп жатканын жыйынга катышкандардын баары ырасташты, деп белгилейт журналист Дарья Малеваная.
«Кумтөр» алтын кенин парламент депутаты К. Исабеков сотко берип жатканын 22-ноябрдагы «Кыргыз руху» гезити маалымдады. 1998-жылкы Барскоон кырсыгынан кийин Кумтөр алтын кени кыргыз өкмөтүнө 4 миллион доллларга жакын акча бөлүп берген. Анын азыраагы элге таратылып, калганы белгисиз жок болгон.
Кумтөргө бараткан жолду тороп, пикетте тургандар тарап кетишкенин 22-ноябрдагы «МСН» гезити маалымдады. Пикетчилер менен жолугушканы барган өкмөт башчынын биринчи орунбасары Медетбек Керимкулов «Кумтөр» алтын кени кырсыктан жабыркагандарга 1 миллион доллар акча которгонун, жыл аягына чейин дагы 3 миллион доллар бөлмөк болгонун, жакында айылдыктарга экологиялык зыян үчүн акча төлөнө тургандыгын билдиргенден кийин пикеттегилер тарап кетишкен.
Орус-кыргыз тилдеринин коомдогу орду, алардын бүгүнкү абалы, проблемалары, тилдин айланасындагы саясат 22-ноябрдагы «МСН» гезитинде Л. Жолмухамедованын, 23-ноябрдагы «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Турат Акимов менен Галина Василькованын, «Республика» гезитиндеги Алымбек Биялиновдун макалаларында козголгон.