Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Аба ырайы


БИШКЕК. 24-ноябрда күндүз Жалалабат, Баткен жана Ош облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болуп, батыш тараптан салкын жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17 градус жылуу. Таласта түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градус жылуу болот. Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +5...+10 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Нарын жергесинде түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жамгыр себелеши мүмкүн. Абанын температурасы: түнкүсүн +3...+5, күндүз +14...+16 градустун айланасында жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG