ЖАЛАЛАБАТ. Облуста айыл, шаарча өкмөт башчыларын шайлоо үчүн 3 миллион 268 миң сом каражат каралган. Бирок соңку күндөргө чейин ал сумманын 665 миң сому гана тиешелүү шайлоо комиссияларына келип түшкөн. Каражаттын аз болушу өлкө казынасында акчанын жоктугу менен түшүндүрүлгөн. Шайлоо комиссиялары баш бармакка белги коюу жабдуулары менен да камсыз боло элек. Облуста айыл, шаарча башчылыгына талапкер 335 адам катталып, аларга тиешелүү күбөлүктөр тапшырылды. 69 айыл жана поселок, райондорго баш ийген шаар башчыларынын орду үчүн сунуш этилген 417 талапкердин 82си каттоодон өткөн жок. Алар талапкерлик күрөө акысын убагында төлөй алышпай, тиешелүү документтерин райондук,-шаардык округдук шайлоо комиссияларына тапшырышкан эмес. Айрымдары талапкерликтен өздөрү баш тартышкан. Мындай маалымат 23-ноябрда облустук шайлоо комиссиясынан алынды. Маалыматка караганда, талапкерлердин арасында аялдар менен саясий партиялардын мүчөлөрү да аз санда. Облуста 326 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.