Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:18

10 айда бюджетке 18 млрд. сомдон ашуун каражат түштү


БИШКЕК. Өткөн жылга салыштырмалуу ички дүң продукт өндүрүшү 0,3% аз болгон. Өнөр жайдын төмөндөшү Кумтөр алтын кенинин өндүрүшүнүн азайгандыгына байланыштуу. Ал эми айыл чарбасындагы өндүрүш 4,1% төмөндөгөн. Бул тууралуу 23-ноябрда 10 айдын ичинде Кыргызстандын социалдык экономикалык өнүгүшүнө байланыштуу өткөрүлгөн жыйында каржы министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу 10 айдын ичинде мамлекеттик бюджетке 18 млрд. сомдон ашуун каражат түшкөн. Салык, бажы төлөмдөрү былтыркыга салыштырмалуу көп чогултулган. Ал ошондой эле келерки жылдан баштап өлкө аймагындагы 5 жашка чейинки балдар бекер дарыланаарын, төрөй турган аялдар жөлөк пул менен камсыз болушаарын, алыскы тоолуу аймактардагы орто мектептерде 5-класска чейинки балдар бекер тамактандырылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG