Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Өзбекстандык журналисттер Германия парламентине кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. БУУнун качкын макамын алып, Кыргызстанда убактылуу жашап жүргөн өзбекстандык укук коргоочулар Европа Биримдигине жана Германия парламентине кайрылуу жолдошту. 3000 адамдын өмүрүн алган Анжиян козголоңунун артында ички иштер министри Закир Алматов турган деп айтылат бул кайрылууда. Ошондой эле Өзбекстан абактарында күнөөсүз адамдар саясий жана диний ишенимдери үчүн кыйноодо жатат, дешет укук коргоочулар. Алар Европа Биримдигинин санкциясын аткарбай жаткан чиновниктерди жазалоону, Анжиян козголоңу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү Гаага эл аралык сотуна берүүнү талап кылышат.

 

XS
SM
MD
LG