Майрамга катышуу максатында Тбилисиге Украина, Румыния, Эстония президенттери келишти. Эки жыл мурун Грузиянын азыркы президенти Михаил Саакашвилинин жетекчилигинде грузин калкы Эдуард Шеварднадзени бийликтен алып түшкөн эле. Роза ыңкылабынын Грузияда колдоочулары арбын, бирок оппозиция бир нече миң тарапкерлерин көчөгө алып чыгып, Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн, парламенттин тарашын талап кылууда.