АКШнын алдыңкы сенаторлорунун бири Жон МакКэйн Грузиядагы роза ыңкылабынын эки жылдык мааракесине байланыштуу комментарий жасады. Анын айтымында, Грузиядагы роза ыңкылабы кийин Украинада, андан кийин Кыргызстанда бийликтин алмашуусун шарттаган окуяларга шыкак болду. “Менимче, АКШ Грузиядагы жана Украинадагы окуяларда маанилүү роль ойноду. Бирок башкысы – бул эки өлкөдө тең бейкалыс шайланган эски бийликти эл өзү алмаштырды”, - деп белгиледи сенатор МакКэйн.