Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:55

«Исламдык жихад» уюмунун жетекчилеринин бири жөөттөргө багынып берди


Палестина жетекчилиги бүгүн билдиргенге караганда, "Исламдык жихад" аттуу куралдуу топтуп Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Женин аймагындагы жетекчиси Айяд абу эл-Роб бүгүн жөөт аскерлерине багынып берди. Израилдик күчтөр ал жашынган үйдү курчап, аны бир күн бою камап жаткан. Израилдин премьер-министри Ариел Шарон болсо бүгүн ал түзгөн жаңы партияны каттоодон өткөрдү жана 28-мартта боло турган кезексиз парламенттик шайлоого ошол "Алга" деп аталган партия менен катышат.

XS
SM
MD
LG