Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Ирактын тышкы иштер министри Жапонияда

Ирактын Махмудия деген шаарында бүгүн болгон жардыруудан кеминде 30 адам набыт кетти, дагы отуздан ашык киши жараат алды. Борбор калаа Багдад шаарынын түштүгүндө болсо кечээ кечинде куралдуу кагылышуу болуп, эки америкалык аскер окко учту. Жапонияда жүргөн Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари болсо премьер-министр Дзюнитиро Коидзуми менен Ирактын жети жарым миллиард доллар карызын кыскартуу маселесин талкуулады. Андан тышкары Зебари Жапонияны - өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетпөөнү сурады.
XS
SM
MD
LG