Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иран маселесин караштырууга киришти


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги бүгүн Вена шаарында чогулуп, Ирандын атом программаларынан чыккан маселени талкуулоого киришти. Айрым сунуштар боюнча, маселени караштырууга Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине жибериш керек, анда болсо Иранга каршы чектөөлөр жарыяланышы мүмкүн. Иран жетекчилигинин айтымында, өлкөнүн өзөктүк программалары атом куралын чыгарууну көздөбөйт, маселе Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине коюлганда болсо, Тегеран эл аралык инспекторлордун Иран аймагында иштешине тыюу салат.

XS
SM
MD
LG