Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

О, ОРУС ТИЛ, ОРУС ТИЛ…


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында кызуу талашка түшкөн тема орус тилинин Кыргызстандагы орду болду. Айрым саясий партиялардын жаңыланчу Конституциядан Кыргызстандын расмий тил жөнүндөгү сапты алып таштоо сунушу аркыл пикирлерди жаратты.

Алдыдагы жүз жыл ичинде дүйнөдөгү майда тилдердин кыйласы жок болуп кетет, андай коркунуч кыргыз тилинин башында да бар, деген чет элдик адистердин божомолуна кошулбастыгын жума күнкү «Бишкек таймс» гезитиндеги маегинде белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков ырастады.

«Дүйнөдө 4 миллионго жакын адам кыргыз тилинде сүйлөйт, көбү жыш, компакт түрүндө чогуу жашайт, алардын айрым тобу кыргыз тилинен башка тил билбейт», дейт И. Абдуразаков. Анын ырасташынча, орус тилине астейдил мамиле керек, анткени ал элибиздин турмушуна тыгыз чырмалышып, байланып калган тил.

Тилдердин өз ара карым-катышы, көп тилдүүлүктүн артыкчылыгы, бир тилди айланчыктагандардын жаңылыштыгы жайында белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде ой жүгүрткөн. Т. Эгембердиев жаңы чыкма саясий партиялардын биртобунун орус тилин расмий тил катары Конституциядан алып салуу жөнүндөгү сунушун президент К. Бакиев колдобойт деп эсептейт. Себеп дегенде, президентти жалаң эле кыргыздын патриоттору шайлабастан, Кыргызстан эли шайлаган.

Ушу эле гезитте парламент депутаты М. Салымбековдун «Жерин саткан, жерин тарттырган улут эртеңки күнү кор болот» деген аталышта маеги жарыяланган. Депутаттын айтымында, Кыргызстандын кыйла жери коңшуларга аз-аздан өтүп кеткен. Маселен, Баткен аймагында эле 1700 гектир жерде Кыргызстандын жеринде өзбекстандык, тажикстандык жарандар жашайт. Ал эми Карасуу районунудагы Кызылкыштак айылынын жашоочулары «Жаңы ордо» гезитине жолдогон кайрылуусунда айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү элге жетпей жаткан жердин 54 гектирин өзбекстандык атуулдарга ижарага берип ийгенин маалымдашкан.

Жер демекчи, 25-ноябрдагы «Кыргыз руху» гезитинде Салмоорбек Дыйкановдун «Кытайдын Кыргызстандан жер талашы» деген макаласы жарыяланды. Үзөңгүкууш капчыгайы кытайларга берилип, чек ара чатагы күчөп турганда жазылган макала арадан үч жыл өткөндөн кийин жарыяланууда.

Орус тилинин Кыргызстандагы орду, четте сүрүлүп калып жаткан кыргыз тилинин көйгөйү жума күнкү «Аалам» гезитинде да козголгон. Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин окутуучусу Айгүл Табалдиева: «орус тили бизди аксатпайт. Тескерисинче, дүйнөлүк аренага, дүйнөлүк тилдерге көпүрө түзүп берет» дейт.

Тил көйгөйүнө 25-ноябрдагы «Кыргыз туусу» гезитинде жазуучу Нууман Сайдуллаев да кайрылган.

Жума күнкү «МСН» гезитиндеги «Ыңгайсыз суроолор же жылкыны семиртпеш керек» деген макаласында Таалайбек Исаев да тил, Конституция маселерин козгогон. Кыргызстандын Башмыйзамы – Конституция орус тилинде жазылат, анткен менен анда орус тилинин эреже шарттары сакталбайт, дейт макала автору.

Жаңыланчу Конституция кандай болушу керек? Бул өзү «үч баштуу ажыдаарбы же үч түрдүү кереметпи?» деп суроо коет журналист Жолдош Турдубаев жума күнкү «Агым» гезитиндеги макаласында.

Эмдиги жылдын бюджетине туризмди өнүктүрүүгө өкмөт 5 миллион сом бөлүүдө, деп маалымдайт Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода жана туризм министринин орунбасары Т. Мамашев 25-ноябрдагы «Агым» гезитиндеги «5 миллион сомду сөз кылууга да болбойт» деген маегинде. Чындай келгенде бул чакан фирманын бир жыл ичинде рекламага сарптачу акчасы, дейт Т. Мамашев.

Ал эми Ноокатта тамекинин баасы көтөрүлбөгөнү парламент депутаты З. Жамалдиновдун 25-ноябрдагы «Аалам» гезитиндеги маегинде баяндалган.

Чүйлүк кызылчачылардын проблемасы жылдан-жылга чечилбей создуктурулуп келатканы, дыйкан менен өндүрүшчүнүн ортосунда кооперация болмоюн бул маселе чечилбестигин Кенжаалы Сарымсаковдун «Кыргыз руху» гезитиндеги «Адал-арам аралашкан заман» деген макаласында козголгон.
XS
SM
MD
LG