Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

“АЙЫЛ ӨКМӨТҮ” МАРОККОДОГУ КИНОФЕСТИВАЛДА ГРАН-ПРИНИ ЖЕҢИП АЛДЫ


Кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу көркөм фильми Марокко мамлекетинин Марракеш шаарында өткөн бешинчи эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Бул кабар кыргызстандыктарды айрыкча толкундатып турган учур.

“Айыл өкмөтү” көркөм фильми эл аралык кинофестивалдарга дайыма “Саратан” деген ат менен катышат. Бул, биринчиден, чет өлкөлүктөр эстеп калганга, айтканга оңой, экинчиден, фильмдин сценарий кезиндеги аты ушундай болгон жана атына ылайык фильм жай саратан учурунда тартылган.

Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы деректири Тынай Ибрагимов кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жана ал тарткан көркөм фильмдин жеңиши тууралу буларга токтолду:

- Бизде бул кабар өтө жагымдуу кабыл алынды. “Айыл өкмөтү” фильми эки жылдан бери эл аралык кинофестивалдарда катышып жүрөт. Мындай зобололуу сыйлыкты – Гран-Прини биринчи жолу алып атат. Марокконун Марракеш шаарында өткөн бул эл аралык бешинчи фестивалда сыйлыкты ага Моники Беллучи деген дүйнөлүк атак-даңктуу актриса тапшырды. Ал өзү италиялык болгон менен, көбүнчө америкалык кинолордо ойногон кино жылдыз.

Ал эми Эрнест Абдыжапаров менен кино тартуу ишинде бирге эмгектенген “Ой-Арт” продюсердик компаниясынын деректири Алтынай Койчуманова мындай даңазалуу сыйлыкты күтпөгөндүгүн айтат:

- Чынын айтсам, күтүүсүз болду бул жеңиш! Бардык жактардан базылдата телефон чалып, бизди да куттуктап жатышат! Айрыкча “Кыргыз фильмдин” кино ишмерлери эптүүлөй кубанышты!

Эми “Айыл өкмөтү” көркөм фильминде айыл өкмөт башчысынын аялы Розанын ролун аткарган актриса Сайра Момунбаеванын сөзүнө кулак төшөйлү:

- “Айыл өкмөтүнүн” Мароккодо баш байгеге жетишүүсү - жалпы кыргызстандык кино ишмерлердин, жалпы элибиздин сыймыгы деп эсептеймин. Бул - кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жакшы актёрлорду, жакшы труппаны тандап алгандыгынын да натыйжасы. Дагы бир айта кетчү нерсе, кыргыз элинин үрп-адаттары дүйнө элдеринин кызыгуусун туудурбай койбойт окшойт. Ошол да түрткү болуп аткансыйт. Анан кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун тазалыгы да Жараткан тарабынан колдоого алынып, ушундай эл аралык сыйлыктар келип жаткандай туюлат мага.

Акын Айжаркын Эргешова болсо ушундай ири эл аралык сыйлыктарга жетишкен кыргыз фильмин кыргызстандыктар толук көрө албай жатканына өкүнүч билдирет:

- “Айыл өкмөтү” көркөм фильми буга чейин да бир топ сыйлыктарды алыптыр. Жакында дагы Маррекеш шаарында Гран-Прини алыптыр. Эң өкүнүчтүү жери, бул фильмди кыргыз эли толук көрө элек. Эми, ушу дүйнөлүк сыйлыктын даңазасы менен аны кыргыз элине толук көргөзүп чыкса жакшы болот эле.

Мароккодогу жеңиштен кийин кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров ошол “Айыл өкмөтү” фильми менен Минск шаарына барып, беларусь президенти Лукашенконун колдоосу менен уюштурулган дагы бир эл аралык кинофестивалга катышып, анан Кыргызстанга кайтмакчы. Балким мекенине кош жеңиш менен келээр...

Бул – “Айыл өкмөтү” көркөм фильминин эл аралык кинофестивалга эң акыркы ирет катышуусу. Ал эми Эрнест Абдыжапаров эмдиги жылы “Кыргызфильм” киностудиясы менен бирдикте жаңы көркөм фильм тартат. Фильмдин аты – “Боз салкын”, жанры – лирикалык комедия. Шаардык бир келишкен кызды айылдык малчы жигит капыстан качырып кетип, натыйжада бийик тоолордун койнунда ченемсиз бак-таалайлуу болгондугу тууралу романтикалуу, күтүүсүз сюжет чагылдырылат анда.
XS
SM
MD
LG