Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24
БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 25-ноябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +6...+11 градус. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5 градуска ,ал эми күндүз +7ден...+12 градуска чейин жылуу болот.
Жалалабат Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +10...+15 градус жылуу. Ысыккөл аймагында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болот ал эми күндүз +3...+8 градустун айланасында жылыйт. Нарын жергесинде түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.

Бишкекте сыдырым жел жүрүп, маалы-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы: түнкүсүн +2...+4, күндүз +8...+10 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу
XS
SM
MD
LG