Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Партиялар биригиши ыктымал


БИШКЕК. «Менин өлкөм» партиясы либералдык көз караштагы айрым партиялар менен биригиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган партиянын лидерлеринин бири Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, «Менин өлкөм» мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин жетекчилигиндеги «Акыйкат» партиясы менен, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов тарабынан түзүлүп жаткан “Демократиялык күчтөрдүн биримдиги” партиясы менен бир саясий блок түзүшү же болбосо бир партияга биригиши мүмкүн. Анткени, аталган партиялардын саясий көз караштары жана максаттары окшош. Буга чеийн Кыргызстандагы оңчул көз караштагы 18 партия, алардын ичинде «Эркиндик», «Республика», «ЭрК» жана башка 15тей партиялар биригүү ниетин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG