Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

Аксы жана Түндүк округдарында үгүт иштери токтотулат


БИШКЕК. Шайлоо кодексине ылайык, 26-ноябрда эртең мененки саат 8де Түндүк жана Аксы шайлоо округдарында үгүт иштери токтотулат. Бул округдарда үгүт иштери 2-ноябрда башталган. Аксы округу боюнча эки талапкер, ал эми Түндүк округу боюнча 7 талапкер ЖК депутаттыгы үчүн ат салышмакчы. Шайлоо 27-ноябрда өтөт. Бул округдардагы парламенттик шайлоолорго көз карандысыз байкоочулар катары Бириккен Улуттар Уюмунан 12 өкүл катышат. Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, КМШ өлкөлөрүнөн байкоочулар катышаары тууралуу азырынча белгисиз. Жергиликтүү укук коргоо, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү да жекшемби күнкү шайлоого байкоо жүргүзүшөт. Мисалы, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынан аталган округдарда 40ка жакын көз карандысыз байкоочу катышат.

XS
SM
MD
LG