БИШКЕК. Өзбек өкмөтүнүн НАТОнун аскерлерине өлкөнүн аймагын жана аба мейкиндигин кесип өтүүгө биринчи январдан тарта тыйуу салынгандыгына карата кыргызстандык саясатчылар ар кандай пикирлерин айтышууда. Айрым саясатчылардын көз карашында, мисалы, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, расмий Ташкен мындай кадамы менен тышкы саясатында Орусияга карай ыктагандыгын дагы бир ирет тастыктады. «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да, эгерде элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келсе, өзбек бийлигинин мындай кадамы туура деп эсептейт. Анын пикиринде, Өзбекстандын мындай кадамы үчүн кайсы бир өлкөлөр тарабынан ага саясий же экономикалык санкцияларды жарыялоо негизсиз. 23-ноябрда өзбек бийлиги Түндүк атлантика альянсына кирген өлкөлөргө Өзбекстандагы Термез шаарында жайгашкан аскердик базанын жабылаары тууралуу расмий түрдө эскерткен.