Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Түндүк округу боюнча талапкердин арызы Жогорку сотто каралды


БИШКЕК. 25-ноябрда Жогорку сотто №8 Түндүк округу боюнча шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Мухитдин Рустенбековдун бул чөлкөм боюнча дагы бир талапкер Жаныш Кудайбергенов тарабынан үгүт материалдарында мамлекеттик символдордун пайдалынылышы мыйзамсыз экендигин териштирип берүү жөнүндөгү апелляциялык арызы каралды. Сот тарабынан арыз канааттандырылган жок. Буга чейин бул арыз Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан да канааттандырылган эмес. Ал эми өткөн ишембиде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Рустенбековдун арызын карап, мамлекеттик символдор болгон герб менен желектин сүрөттөрү пайдаланылган Кудайбергеновдун үгут материалдары алынып салынсын, деген токтом кабыл алган. Бирок ал райондук сот тарабынан жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG