Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Президент Венеция комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 25-ноябрда президент Курманбек Бакиев Венеция комиссиясынын баш катчысынын орун басары Томас Маркерт баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчысы Конституциялык кеңешменин талкуусунда Конституциялык сот тууралуу айтылган ар кандай пикирлерди, сунуштарды көңүл коюп карап чыккандыгын, жыйынтыгында сот системасында Конституциялык сот өзүнчө сот бийлиги болуп калышы керек, деген пикирге ынангандыгын билдирген. Курманбек Бакиев ошондой эле демократия жана эркидиктин таасири өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда элдердин өз көз караштарын, пикирин ачык айтууга мүмкүнчүлүк түзүп, маалымат каражаттарынын сөз эркиндигине жетишкендигин белгилеген. Венеция комиссиясынын баш катчысынын орун басары Томас Маркерт Кыргызстанда сот бийлигин көз карандысыздыгын күчөтүүнү, бийлик бутактарынын өз ара аткаруу кызматтарын туура бөлүштүрүүнү, демократия жана адам укугун камсыз кылуу багытында Конституциялык сот негизги фактор экендигин билдирген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG