Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Италияда жалпы элдик иш таштоо өтүп жатат


Коомдук транспорт токтоду, банктар, почталар жана башка мекемелер жабылды. Ооруканалар сыркоолорду өтө кысталаң учурда гана кабыл алышууда. Мугалимдер да бир нече саатка иштерин токтотушту. Нааразылык акциясы келерки жылдагы мамлекеттик бюджетке каршылык көрсөтүү максатында өтүп жатат. Иш таштагандар өкмөт социалдык сарптоолорду кескин кыскартып, бул чөйрөдөгү муктаждыктарды эске албай жатат деп эсептешет. Римде, Миланда, Палермодо жана башка көптөгөн шаарларда демонстрациялар өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG