Өкмөт башчылары бирдиктүү энергетика рыногун түзүү маселеси талкуулашты. Саммитке Украинанын жана Молдавиянын премьерлери келишкен жок. Алар бүгүн Словакияда аяктаган “Ортоевропа демилгеси” уюмунун жыйынына катышты. Москвадагы жыйынга Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Ногаидели да келди. Грузин парламенти өлкөнүн КМШдан чыгышы тууралуу маселени караганы жатканын жарыялаган эле.