Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

АБАНЫН ЫСУУСУ ЖАНА АНЫН ТАБИЯТКА БОЛГОН КЕСЕПЕТИ


28-ноябрдан 9-декабрга чейин Канаданын Монреал шаарында климаттын өзгөрүүсүнө арналган чоң конференция өтөт. Улуттар Уюму уюштуруп жаткан жыйынга 190 өлкөдөн 10 миңдей өкүл, алардын ичинде ырасмий адамдар, ишкерлер, өндүрүшчүлөр, окумуштуулар катышат. Анын жүрүшүн дүйнөнүн чар тарабынан келген миңден ашуун журналист чагылдырат. Эл аралык жыйында Жердин атмосферасынын өндүрүштүк газдарды абага бөлүүдөн ысуусу, анын табиятка келтирген зыянын азайтуу маселеси талкууланат.

Тынч океандагы Картерет аттоласынын миңдей тургуну киндик каны тамган жерин сактап калуу үчүн 30 жыл ашык күрөштү. Бирок алардын тириликке азык болгон кокос пальмаларын шор суудан жана үйлөрүн албуут толкундардан сактоо аракети текке кетти. 24-мартта Папуа жаңы Гвинеянын өкмөтү майда аралчалардын элин башка жакка көчүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Ошентип, 1767-жылы британ окумуштуусу Филип Картер ачкан арал элсиз калууда.

Бул климаттын өзгөрүүсүнүн бир мисалы. Ал эми сентябрда АКШнын Кар менен музду изилдөө борбору жарыялаган маалымат боюнча, Түштүк уюлдун музу акыркы жүз жылда мурда болуп көрбөгөндөй кичирейген. Былтыр 250 белгилүү илимпоз климат жылуу боло берсе, жүз жыл ичинде Арктиканын музу ээрип жоголо турганын эскерткен.

АКШда жайгашкан Айлана чөйрөнү коргоо фондунун илимпозу Билл Камедис уюлдагы муздун жоголушу дүйнөнү кыйроого алып барат деген окумуштуулардан:

- Ураган-бороондор жана Арктикада муздун ээрип баратканы – бул Жер бетиндеги абанын ысып баратканынын эки гана белгиси. Бул куру сөз эмес, анын далилдери бар. Климаттын өзгөрүүсү, чындыгында, биз ойлогондон ылдам жүрүшү мүмкүн. Ошон үчүн биз бул зарурат кубулушту жана анын таасирин чектөө үчүн өтө олуттуу иш жүргүзүшүбүз керек.

Камедис дагы эки илимий ачылышка көңүл бурат. Массачусеттс технология институтунун илимпозу Керри Эмануэль өткөргөн изилдөө акыркы 30 жылда Түндүк Атлантика менен Тынч океандагы тропикалык бороон-чапкыттын кыйратуучу кубаты көбөйгөнүн тастыктаган. Ал эми Жоржия технология институнда Петр Вебстер жанан анын кесиптештери соңку 35 жылда кубаты 4 жана 5-категориядагы урагандардын саны кескин өскөнүн аныкташкан.

Деңиз деңгээли көтөрүлсө, аралдар менен деңиз ылабындагы жерлер суу астында калары талашсыз. Табигый апааттын алдын алуу үчүн, Америка метеорология коомунун эксперти Боб Каррел энергия булактарынын башка түрлөрүн колдонууну сунуш кылат:

- 150 жылда деңиз суусу 1 метрге жогорулайт жана абанын температурасы да көтөрүлөт. Биз көмүртектин кошкычкылын жана өндүрүштүк газдарды бөлүүнү кыскартсак да, абалды оңдоо үчүн миңдеген жылдар зарыл болот.

Ал эми башка бир америкалык окумуштуу Боннер Коэн абага зыяндуу газдарды бөлүүнү чектеген Киото келишими дүйнөнү булгануудан сактагандан көрө, АКШнын экономикалык өсүшүн чектөөгө багытталган дейт:

- Отун энергиясына болгон дүйнөлүк талап дагы өсчү мезгил келүүдө. Киото келишими отунду пайдаланууну чектөөгө же анын башка орду толчу түрлөрүн колдонууга багытталган. Андай иштер жөнөкөй болбойт.
XS
SM
MD
LG