Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Иракта террордук актылар уланууда


26-ноябрда Ирактын түндүгүндөгү Самара шаарында жан кечти бомба салынган автоунааны жардырды. Мунай бекетинде болгон ал жардыруудан үч адам набыт болду. Багдаддын түндүгүндөгү Балад шаарындагы атышуудан үч ирак полицейи окко учту. Ал эми Ирак борборунун батышындагы жардыруудан АКШнын бир аскери өлүп, экөөсү жарадар болгону кабарланууда. 15-декабрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында Иракта күн сайын террордук жардыруулар орун алууда.

XS
SM
MD
LG