Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Бакуда оппозиция митинги күч менен таркатылды


26-ноябрда Бакуда нааразылык демонстрациясына чыккан Азербайжан оппозциясынын тарапкерлерин полиция күч менен таркатты. Тартип коргоочулардын анда резина союл жана суу чачуучу машиналарды пайдалангандыгы кабарланууда. Бир нече миң адам катышкан митингини “Азадлыг”, “Жаңы саясат” бирикмелери уюштуруп, 6-ноябрдагы шайлоонун бурмаланганын, ошондуктан жаңыдан добуш берүү өткөрүү талабын койгон. Борбордук шайлоо комиссиянын акыркы тыянагы боюнча, 125 парламенттик орундун 58ин бийликчил “Йени Азербайжан” партиясы, 11 орунду оппозиция жеңип алды. Калган орундарды көз карандысыз талапкерлер жана башка партиялар жеңип алган.

XS
SM
MD
LG