БИШКЕК. Кыргызстан менен АКШнын достугун жана демократиялык жетишкендиктерин коргоо комитети 26-ноябрда АКШ президенти Жорж Бушка кайрылуу жолдоду. Анда соңку кездерде айрым күчтөрдүн АКШ авиабазасын чыгаруу аракеттери Кыргызстандагы демократияны жана Америка менен Кыргызстандын достугун колдоочуларды тынчсыздандырып жатканы айтылган. Негизинен Акаевчил күчтөр Кыргызстандан чыгаруу максатында АКШ базасынын дарегине ар кандай айыптарды коюп жатканы, кыргыз бийлиги мындай күчтөрдүн таасиринде жана Шанхай кызматташтык уюмунун басымы астында Ганси авиа базасына адилетсиз санкцияларды киргизүүнү көздөп жатканы белгиленген. Ошондой эле кайрылуу ээлери мындай аракеттерге каршы экенин, Ганси авиабазасын Кыргызстанда калтырууну, АКШ-Кыргызстан достугугунун чыналышын колдоошорун билдиришкен. Кайрылуу соңунда АКШ элине жана бийлигине буга чейин Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирилип, президент Буштан демократия принциптерин, эки өлкөнүн достук кызыкчылыктарын коргоодо кандай шартта болсо да өз турумунан кайтпоо суралган. Ушул эле күнү АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йовановичке да кайрылуу жолдонуп, анда жогорудагы кайрылууну президент Бушка жеткирүү жагы суралган. Бул тууралуу “Азатыкка” Кыргызстан менен АКШнын достугун жана демократиялык жетишкендиктерин коргоо комитетинин төрагасы Назарбек Нышанов билдирди. Аталган комитет буга чейин Кыргызстандын президентине жана Жогорку Кенешке да ушундай эле маанидеги кайрылуу жолдогон.