Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:50
БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 28-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Түнкүсүн жана таңга маал Чүй, Талас, Жалалабат, Баткен жана Ош облустарынын айрым жерлерин туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсун -1...-6 градус суук, күндүз +6...+11 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн -4 градустан -9 градуска чейин суук болот. Күндүз +5...+10 градус жылуу. Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +6...+11 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн абанын температурасы -4...-9 градуска төмөндөйт. Күндүз +2...+7 градус жылуу болот. Тоолуу Нарында түнкүсүн -9...-14 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте күн ачык болуп, мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн -1...-3 градус суук, күндүз +7...+9 градус жылуу.

Кабаралар топтомун Чолпон Орозобекова жана Аманбек Жапаров даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу
XS
SM
MD
LG