Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстан Чад Республикасынан гана алдыга чыкты


БИШКЕК. Дүйнөлүк экономикалык форум Кыргызстанды атаандаштыкка туруштук бере албаган өлкө катары тааныды. Бул форумдун жарыялаган отчету боюнча 117 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 116-орунду ээлеген. Бул иликтөөдө кыргыз тараптан “Бишкек консенсус” уюму катышып, кыргызстандык 110 ишканада сурамжылоо жүргүзүп берген. Дүйнөлүк экономикалык форум мындай иликтөөнү 26 жылдан бери жүргүзүп келатат, бирок Кыргызстан бул тизмеге биринчи жолу кошулуп отурат. Атаандаштыкка туруштук берген мыкты өлкөлөр катары АКШ, Финляндия жана Швеция аталган. Орусия 75-орунду, Казакстан 61 орунду, ал эми Тажикистан 104-орунду алган. Кыргызстан болсо Чад Республикасынан гана алдыда экен.

XS
SM
MD
LG