Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

ДКБ саясий партиялардын коалициясын түзөт


БИШКЕК. “Демократиялык күчтөр биримдиги” келечекте өзүнө санаалаш партиялар менен чоң демокартиялык коалиция түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу партиянын негиздөөчүсү Кубатбек Байболов билдирди. Анын айтымында, айрым партиялар менен сүйлөшүүлөр башталды, эмдиги жылы коалиция түзүлүп калат. Партиянын курултайында сөз сүйлөгөн Социал-демокартиялык партиясынын төрага орун басары Мелис Эшимканов да шагыраган партиялардын заманы өттү, деп билдирди. Буга чейин “Эркиндик” партиясынын демилгеси менен он чакты партия бир саясий блокко биригүү ниетин билдиришкен. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, баш аягы 18 партиянын биригүү ниети бар, алар келечекте бир партияга айланып да кетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG