Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Жаңы партия түзүлдү

БИШКЕК. 27-ноябрда “Демократиялык күчтөр биримдиги” аттуу саясий партия түзүлүп, анын уюштуруу курултайы болду. Бул жаңы партиянын негиздөөчүсү ЖК депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, ушул сааттарга карата бул партияга республика боюнча 5 миң адам мүчө болду. Курултайга Чүй, Ош жана башка дубандардан келген 580 делегат катышты. Кубатбек Байболовдун айтымында, жаңы түзүлгөн партия бийликке констурктивдүү сынчыл көз карашта болот. Ага Бакыт Бешимов, Өмүрбек Абдрахманов жана Бишкек шаардык кеңешинин 14 депутаты мүчө болуп киришти. Ошондой эле курултайга Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, “Ар-намыс” партиясынын лидеринин орун басары Эмил Алиев, Социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Мелис Эшимканов, “Менин өлкөм” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Табылды Эгембердиев катышты. Демократиялык күчтөр биримдиги Кыргызстандагы 65-партия болуп катталды.
XS
SM
MD
LG