Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Түндүк округундагы шайлоо мурдакы шайлоого караганда айырмалуу болду


БИШКЕК. №8 Түндүк шайлоо округунун комиссиясынан билдиргенге караганда, шайлоо мыйзамдын чегинде жүргүзүлдү. Кыргызстандагы АКШ элчилигинин өкүлү Дональд Лунун баамында, Түндүк шайлоо окуругундагы шайлоо мурдакы шайлоолорго караганда таза өттү:

- Мен мыйзам бузууларды көргөн жокмун. Февраль айындагы жана июль айындагы шайлоого байкоочу катары катышкам. Бул шайлоо округундагы шайлоо мыкты өтүп жатат десем жаңылышпайм.

Добуш берүүгө келген Бишкек шаарынын тургуну Дүйшөгул Жусупов буларга токтолду:

- Эми азыркы шайлоо саал кичине булганыч болуп атат. Анткен себеби, көрүп атпайбызбы, кичине арак берип антип-минтип атат. Бирок кыштагы шайлоого караганда 60-70% таза өтүп жатат. Февраль айында шайлоого добуш бергени келгендерге 100 сомдон акча берген да. Азыркы учурда акча бергендер жок. Бирок анча-мынчалар бар.

№8 Түндүк шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн белгилүү саясатчы Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Николай Танаев жана Мухитдин Рүстөмбеков, Жаныш Кудайбергенов, Рустам Карагулов, Бакыт Керимбеков, Талгарбек Момуналиев ат салышты.

XS
SM
MD
LG