БИШКЕК. Түндүк жана Аксы шайлоо округдарында Шайлоо кодексине ылайык, кечки саат жыйырмада добуш берүү токтотулду. 27-ноябрь кечки саат сегизден өткөндө алынган маалымат боюнча, №8 Түндүк шайлоо округу боюнча 13 миң 827 шайлоочу же шайлочулардын 42,5 пайызы , ал эми №20 Аксы шайлоо округу боюнча 18 миң 727 шайлоочу, же шайлоочулардын 47 пайызы добуш беришти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын маалыматына караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алгачкы маалыматтар 28-ноябрда эртең мененки саат сегизде берилет.