Чеченстанда согуш 13 жылга карап барат. Ырасмий булактар таркаткан маалыматта, ушунча жылдар ичинде ал согуш курмандыгы болгондор эсеби эки тарапты кошуп эсептегенде 300миңден ашкан. 1991-жылы Жохар Дудаев президент болуп шайланганда Чеченстан автономдуу жумуриятын эгемендүү деп декларация жарыялагандан тартып, Маскөө ал жумуриятка жарыяланбаган согуш ачканы кыйлага маалым. Бул андан бери улам колдон чыга качып аткан азоо жумурият Чеченстанды федералдык күчтөрдүн кайрадан Маскөөгө баш ийдирегенден кийин өткөрүлгөн парламенттик шайлоо болду.
Шайлоонун өтүшү каалагандай баратканын Чеченстан президенти Алу Алханов жекшемби күнкү маскөөлүк убак боюнча 13:00дө “добуш берүүчүлөр эсеби 25 пайыздан артты эми кечке дейре 50 пайыздан артык добуш берүүчүлөр келип беришет деп ишенебиз ”, - деп жарыялады.
Жумурият шайлоо комитетинин төрагасы Исмайыл Байханов да добуш берүүчүлөр демейдегиден арбын экенин белгилеп, орусиялык сыналгыдан кайсы бир көз салуучулар койгон талбын айта кетти:
- Кайсы бир бекеттерде көз салганы келгендер аларга бүлитендерди кайра саноого уруксат эткиле дешти. Биз аларга жылуу-жумшак мыйзамда андай берене жок экенин эскертип, уруксат бербедик.
Орусиялык БКШ жетекчиси Александр Вешняковдун айтканына караганда, Чеченстанда парламентти шайлоого көз салып кетиш үчүн Араб өлкөлөр лигасынан, Исламдык конференция жана КМШ аткаруу комитетинен барышкан. Европалык кеңештен өкүлдөр ишемби күнү гана барганын Чеченстан сайты жазып чыкты. Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар сыңары орусиялык да андай уюмдар бул жолу Чеченстанга баруудан баш тартышты. Маселен, “Адам укугу үчүн” кыймылынын жетекчиси Лев Панамаревдун баамында, жумуриятта өткөрүлгөн шайлоо кадимки тамашага окшойт:
- Чеченстанда согуш уланып атат. Ал бүтүндөй Кавказга жайылып баратат. Ушандай жагдайда шайлоо өткөрүү булганыч иш. Ошол себептен адам укугун коргоочулар мындай шайлоого көз салуудан баш тартышты.
Жумуриятта эки палаталуу парламентке 58 орун үчүн орусиялык 8 партиядан талапкерлер ат салышкан. Жумурият кеңешине 18 депутат, Элдик жыйынга 40 депутат тандалып атат. Алардын 20cы партиялык тизме менен, 20сы бир мандаттуу болуп шайланышып атат.
Орусиялык бийлик бул шайлоону Чеченстанда абалды калыптандыруу үчүн бурулуш учур болот дешет. Ошон үчүн бул жолу мурдагы Дудаев жана Масхадов тушундагы урушка катышкандар өз конституциялык укугунан пайдаланып ат салышууга мүмкүндүк алды, деп бийлик жарыя салды.
Ал арада “Ал-Жазира” сыналгысы көргөзгөн тасмада чечен жикчилдер лидеримин деген Абдул Халим Садулев: “бул шайлоо президент Путинди гана ишентүүгө жараган тамаша”, - деп айтты.
Орусиялык ИИМ орун басары Александр Чекалин блосо буларды белгиледи:
- Жумуриятта шайлоонун өтүшүнөн улам калкты коопсуздук менен камсыз кылуга 24 миң аскер жана милиция кызматкери тартылды.