Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: ЖӨӨТТӨРДҮ БАКТЫСЫЗ КЫЛГАН ЫСЫМДАР, ИНДИЯЛЫК ЛЕНИН, ПУШКИНДЕР...


Израилдин раввиндер тобу жөөт балдары үчүн ылайыксыз деген ысымдардын тизмесин жарыялады. Динаятчылар кээ бир аттар адамдарды бактысыз кылат деп эсептешет. Башкалар менен катар ошол тизмеге Ариэль жана Омри деген ысымдар да киргизилди. Баса, Израилдин премьер-министринин аты Ариэль Шарон, уулунуку болсо Омри. Динаятчылар балдарга жөөт эмес ысымдарды берүү да көп жакшы эмес деп санашат. Иудейлерде адамдын атына көп маани берилет. Ал адам тигил дүйнөгө кеткенде анын жаны менен кошо кала берет, деп эсептелет.

***

Кечки күз. Абанын температурасы 35 градус ысык. Айланаңарда жалаң каучук плантациялары. Москвага кош келиңиздер! Көп жылдары илгери жергиликтүү коммунисттер Индиянын Керала деген штатындагы кыштакка Москва деген аталыш беришкен. Жакында бул жерде Ленин, Брежнев, Хрушев, Терешковалар чогулушту. Горбачев болсо бул жолугушууга келе албай калды. Айылда 6 Ленин, 2 Гагарин, 2 Пушкин жашайт. Лениндин бири, 25 жаштагы жигиттин ата-энеси коммунисттик идеяларды азыркыга чейин баалашат.

“Өз атым менен сыймыктанам, Индияны канча кыдырдым, меникиндей ысым эч кимде жок”, - дейт Ленин.

Орус маданиятынын борбору уюштурган бул жолугушууга 30дай киши келди. Индиялык Пушкиндин бири атактуу жазуучу жөнүндө буга чейин укпагандыгын айтат. “Атам мага караганда эр экен. Мен кыздарыма салттуу Лакшми жана Решма деген ат койдум”, - дейт Пушкин.

***

Австралиялык Пол Крейк дүйнөдөгү эң бийик имаратка чуркап чыгуу боюнча мелдешти жеңди. 70 атаандашын артта калытырып, Пол 91 кабаттуу имараттын 2046 тепкичин 10 мүнөт 29 секундада чуркап өттү. Жеңүүчүгө 5 миң 920 доллар ыйгарылды. Аялдардын арасында болсо жарышты 12 мүнөт 38 секунда менен австриялык Андреа Майр утту. Тэйбэй-101 деген имараттын бийиктиги 508 метрди түзөт. Бирок 2007-жылы анын наамы Шанхайда курулуп жаткан финансылык борборго өтмөкчү. Буга чейин ушундай мелдештер Чикаго, Торонто, Тель-Авивтеги асман тиреген имараттарда уюштурулуп келген.

***

Римдин полициясы Италия баш калаасындагы эң белгилүү жайлардын бири - Фонтана Тревини тазалаган 4 кызматкерди камакка алышты. Көчө шыпыргычтарды фонтандагы майда тыйынды уурдагандыкта айыпташууда. Полиция 18-кылымда курулган фонтанды көзөмөлгө алган. Себеби фонтандан алынып чыккан акча жиберилип турчу соопкерчилик уюмдары соңку мезгилде анын көлөмү азайгандыгын билдиришкен. Полиция бир нече аптанын ичинде 110 миңге жакын евро уурадалган, деп болжолдоодо. Кармалган кишилердин жанынан 1 миң 200 евро табылды.

Бир нече жыл мурун Римде түн ичинде фонтандагы тыйындарды уурдап турган үйсүз бир киши кармалган. Анын кирешеси айына 10 миң долларды түзчү. 2003-жылы болсо сот фонтандагы майда тыйынды терип жүргөн бир аялды “ташталган акчанын мыйзамдуу ээси жок” деген аныктама менен актаган. Салт боюнча дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтер Римге кайтып келиш үчүн фонтанга арты менен туруп, майда тыйын ыргытышат.

XS
SM
MD
LG