Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

АРМЕНИЯДАГЫ РЕФЕРЕНДУМГА ОППОЗИЦИЯ НААРАЗЫ


Алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, Армениядагы референдумда конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунушун шайлоочулардын 93%ынан көбү колдоп берди. Шайлоо комиссиясы ушундай маалыматтарды жарыялаганы менен, оппозициячылар аларга ишенбей турганын айтышууда. Европа Кеңеши Армениядагы референдум олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди.

Жекшембиде байкоочулар элдин активдүүлүгү төмөн болгонун кабарлаганы менен, Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүдө добуш берүүгө шайлоочулардын 64%ы катышып, алардын 93%ынан көбү конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү колдоп бергенин жарыялады. Референдумга бойкот жарыялоого үндөгөн оппозициячылар мындай маалыматтарга ишенбей турганын билдирип, добуш берүүнүн натыйжалары бурмаланганын кайталоодо.

Оппозициячыл Улуттук демократиялык биримдиктин лидери Вазген Манукян референдумду Армениядагы жасалма шайлоонун жаңы баскычы деп атады:

- Бүгүн Арменияда мен билгенден эки акылга сыйбас көрүнүш орун алып отурат. Биринчиден, шайлоо участкалары ушунчалык бош, ээнсиреп турганын буга чейин көргөн эмесмин. Экинчиден, бийликтегилер буга чейин добуштарды мынчалык деңгээлде бурмалап, ашепке наадандыкка барган эмес. Менимче, бул мамлекетке, элге чыккынчылык кылууга барабар.

Көз карандысыз уюмдардын Армениянын ар башка региондорунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрү да жекшембидеги добуш берүүгө эл аз катышып, шайлоо участкалары көбүнэсе ээн турганын айгинелеген. Бирок чет элдик байкоочулардын саны өтө төмөн болгондуктан, добуштар бурмаланганын далилдөө мүмкүн эмес, дешет эксперттер.

Ошентсе да, Армениядагы конституциялык өзгөрүүлөрдү даярдоого башынан жардам берип келаткан Европа Кеңеши референдумга катышкан байкоочуларынын айтканына таянып, добуш берүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди. Андай мыйзам бузуулар арасында европалык байкоочулар добуштарды эсептөө жабык түрдө өткөнүн, айрым участкаларда бюллетендер алдын-ала толтурулганын мисалга келтирет.

Эгерде референдумдум алдын-ала жыйынтыктары ырасмий түрдө ырасталса, конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кош жарандуулук институту киргизилип, чет өлкөлөрдө жашаган миллиондогон армяндар Армениянын жараны боло алышат. Белгилүү болгондой, чет мамлекеттерде жашаган армяндардын саны Армениядагы улутташтарынан дээрлик эки эсе көп. Андан сырткары президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке өткөрүлүп, сот системасынын көз карандысыздыгына айрым шарттар түзүлөт.

Армениянын азыркы конституциясы 1995-жылы кабыл алынган, бирок өлкө 2001-жылы Европа Кеңешине мүчө болуп шайланганда, өз башмыйзамын өзгөртүп, европалык стандарттарга шайкеш келтирүү жөнүндө милдеттенме алган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG