Багдад шаарында бүгүн Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үстүнөн жүргүзүлүп жаткан соттун экинчи жыйыны башталды, бирок бир саттан кийин кайра токтотулду. Саддам жана дагы жети адам - 1982-жылы Дужайл шаарында бир жүз кыркка жакын шийи мусулманы кырылганы үчүн жооптуу деп айыпталууда. Күнөөлүү деп табылса, алар өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Бул айыптоо - Саддамга коюлуп жаткан күнөөлөрдүн бири гана, сот алгач 19-октябрда башталган, бирок бир отурумдан кийин бир жарым айга токтотулган. Анын аралыгында соттолгондордун эки адвокаты өлтүрүлдү.