Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Баткен Мамлекеттик университети Евразия-Тынч океан университеттер ассоциациясына мүчө болду


БАТКЕН. Баткен Мамлекеттик университети борбордон алыс жаңы түзүлгөн жаш окуу жайлардын катарына киргендиктен абройлуу бирикмеге кошулуу менен чоң утукка ээ болду. Мындай маалымат окуу жайдын тарбия иштери боюнча проректору Мирлан Исматиллаевден 28-ноябрда алынды. Аталган ассоциациянын курамына Орусия, Австрия, Кытай, Монголия, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн кээ бир жогорку окуу жайлары кирген. Буга чейин өлкөбүздөгү облустук окуу жайлардан Нарын, Ысыккөл жана Жалалабат Мамлекеттик университеттери мүчөлүккө турган. Баткен Мамлекеттик университети эл аралык ассоциацияга кошулуу менен өнүккөн өлкөлөрдүн окутуучу, студенттери менен окуу тажрыйба алмаштыруу, илимий стажировкаларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Учурда Баткен Мамлекеттик университетинин 16 миңден ашуун студенти бар.

XS
SM
MD
LG