БИШКЕК. Жаңы окуу жылынан тарта Кыргыз Улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетинде миграция жана калкты жайгаштыруу боюнча жаңы адистик ачылат. Мындай келишимге 28-ноябрда Мамлекеттик миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова, Жогорку Кенештин миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабеков жана Улуттук университеттин ректору Ишенгүл Болжурова кол коюшту. Келишимге ылайык, келерки окуу жылынан тарта аталган адистик боюнча 25 студент кабыл алынып, окутуу бюджеттик негизде болоору күтүлүүдө. Ошондой эле быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан да бул адистикке кайра даярдоо жүргүзүлөт. Мындай адистик боюнча билим алгандар миграция маселелери боюнча иш алып барышат. Мамлекеттик миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын билдиргенине караганда, такталбаган маалыматтар боюнча, учурда болжол менен өлкө калкынын бир миллионго чукулу чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук университеттин басма сөз катчысы Нурбүбү Ашымбаева билдирди.