БИШКЕК. 29-30-ноябрда Москвада Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун уставдык органдарынын жыйыны өтөт. Анын алкагында шейшембиде аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кенеш катчыларынын, шаршембиде тышкы иштер жана коргоо министрлеринин жыйыны болот. Бул жыйындарда ЖККУ жоопкерчилигине кирген аймактагы аскердик-саясий кырдаалды талкуулоо, Бириккен Улуттар жана башка уюмдар менен эл аралык, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы кызматташтык жана башка маселелер каралат. Жыйынга Кыргызстандан тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Таалай Кыдыров, коргоо министри Исмамил Исаков жана Коопсуздук кенеш катчысы Мирослав Ниязов катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 28-ноябрда кабарлашты.