БИШКЕК. Бул тууралуу “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчисинини орун басары Саламат Айтикеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен Кыргызстан газдын баасы боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Өзбекстан газдын баасын 42 доллардан 55 долларга көтөрүүдө. Кыргыз тарап болсо бааны жок дегенде 3 долларга арзандатуу аракетин көрүүдө. Саламат Айтикеев билдиргенге караганда, буга чейин кол коюлган протколго ылайык, 1-декабрга чейин келишимге кол койгонго үлгүрүш керек. Андыктан “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудинов үчүнчү ирет кайра Ташкенге жөнөгөнү турат. Эгер өзбек тарап газды арзаныраак бергенге макул болбогон күндө да Кыргызстан келишимге кол коюшу ыктымал. Саламат Айтикеевдин айтымында, Өзбекстан казактарга да бааны көтөрүп аткандан кийин “Казтрансгаз” аркылуу алган газ деле 55 доллардан болот.