БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов Казакстандын өкмөт башчысына телеграмма жөнөтүп, кыргызстандык атуулдар эмне үчүн депортацияланып атканын түшүндүрүп берүүсүн талап кылмакчы. Бул тууралуу өкмөт башчы менен жолугушуудан кийин миграция боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси Айгүл Рыскулова билдирди. Ал эми телефон аркылуу болгон сүйлөшүүлөрдө казак тарап бул кырдаалды териштирүүнү убада кылган. Ал үчүн Айгүл Рыскулова 28-ноябрда Алматыга жөнөп кетти. Бул күнү Өкмөт үйүнүн алдына чогулган атуулдар эң башкысы паспортко “депортацияланды” деген мөөрдүн басылышына бушайман болушууда. Мындай мөөр мыйзам боюнча ал өлкөгө 5 жылга чейин киргизилбейт дегенди билдирет.