Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:25

ПАКИСТАН: КЫШТЫН КААРЫ ЖАНА ӨМҮР ҮЧҮН КҮРӨШ


Пакистандын октябрдагы зилзаладан жабыркаган аймактарына жекшемби күнү калың кар түштү. 20 сантиметрге жетип жааган кар миңдеген там-жайсыз адамдарга азык-түлүк жана жылууланган чатырларды жеткирүүнү кыйындатты. 8-октябрдагы зилзалада 73 миңдей адам набыт болуп, жүз миңдеген адамдар там-жайынан ажыраган. Улуттар Уюму начар даярдыктан улам кышында дагы көптөгөн адамдардын өмүрүнө доо кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Жекшемби күнкү калың жааган кар 8-октятбрдагы жер тербетүүдө үй-жайсыз калган адамдардын алдында каардуу кыш турганын дагы бир ирет эскертти. Танвир Накви деген адамдын айтышынча:

– Кар адамдарды чоң кыжаалатка салды. Катуу сууктан улам балдар ооруп калышты.

Пакистандын метеоролия кызматы бийик тоолуу аймактарда 20 сантиметрге жакын кар түшүп, пас өрөөндөрдө 30 сантиметрден көп жамгыр жааганын маалымдады. Анын кесепетинен жер көчүп, жолдор бузулду. Кызыл Чырым менен Улуттар Уюмунун азык түлүк агенттиги тоо койнундагы айылдарга гуманитардык жардам жеткирүүнү мажбур токтотту.

Бийликтердин айтымында, там-жайсыз калган эл там-жайына жабышпай, ылдый өрөөн жакка түшсө, аларга азык түлүктөн жардам көрсөтүү жана чатыр менен камсыздоо жеңил болмок.

Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан да жакында Исламабадда болгондо, зилзаладан жабыркаган адамдар кыштан аман чыгышса, жазында аларга курулушка керектүү материалдар жеткириле турганын айткан:

- Жердин катаал шарты гумманитардык жардамдарды жеткирүү иштерин мурда болуп көрбөгөндөй татаал кылууда. Гималайдын каардуу кышы жума сайын дагы катуулайт. Биз курулуш бүткөнчө адамдарды ден соолукта жана эсен-соо кармаганга аракет кылышыбыз абзел.

Голивуддун эми жанып бараткан киножылдызы Анжела Жулли эл аралык коомчулукту соопчулук жардамын берүүнү тездетүүгө чакырып, өткөн жумада Пакистанда болуп кайтты. Америкалык актриса донор өлкөлөр убада кылган жардамын азыр жеткиргени маанилүү экенине көңүл бурат:

- Жардымды создуктурбай ушу азыр жөнөткөн маанилүү. Ошондуктан, убада кылган жардамды азыр бериш керек. Мен түшүнгөнгө караганда, айтылган жардамдардын көбү келерки жылы келет экен. Кыш болсо бир-эки жумада түшсө, көп сандаган адамдар тоңуп калышы мүмкүн.

Бийик тоолуу аймактардын эли кышкы суукта кырылып калат деп кооптонгон Улуттар Уюму мүмкүн болушунча көп адамдарды пас жакка көчүрүүгө аракет жасоодо. Бирок региондун байтакты Музафарабаддагы жана башка жерлердеги чатырдан курулган шаарчаларда орун жетишсиз болуп, санитардык жагдай да начар.

Деген менен, акыркы жети жумада күндүн ачык болгону эл аралык соопчулук уюмдарынын үзүрлүү иштөөсүнө өбөлгө болгонун Эл аралык Кызыл Чырым уюму маалымдады.

XS
SM
MD
LG