Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Облустук бийликтин айдоочулары иш ташташты


ОШ. 29-ноябрь күнү эртең менен Ош облустук мамлекеттик администрациясынын айдоочулары эки сааттан ашуун жумушка чыгышкан жок. Өздөрүнүн нааразылыгын мына ушундайча билдиришкен айдоочулар айлык акыларынын өлчөмүн көтөрүүнү талап кылышты. Айдоочулардын бири Акбар Азимовдун сөзүнө караганда, облустук жетекчилерди ташыган айдоочулардын айлык акысы 700 сомду түзөт. Алардын айтымында, айлык акынын бул өлчөмү 4 жылдан бери көтөрүлө элек. Айлык акыларынын өлчөмүнө нааразы болгон айдоочулар менен аппарат жетекчиси Дастан Хаджаев жолугушуп, жылдын аягына чейин айлык акынын өлчөмүн көтөрүү боюнча маселе чечилбей тургандыгын, жаңы жылдан баштап гана ички резервдердин негизинде айлыкка кошумча болорун убада кылды. Дастан Хаджаев бул убаданы губернатордун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун атынан айткандан кийин гана айдоочулар кайрадан жумушка чыгышты.

XS
SM
MD
LG