БИШКЕК. Калк арасындагы тынчсыздануулар токтогондон кийин гана экс-президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши жөнүндө сөз кылууга болот. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, ыңкылаптан бери өлкөдө кырдаал бир кыйла турукташып калды, бирок прокуратура органдары тарабынан экс-президенттин үй-бүлөсүнө коюлуп жаткан айыптар боюнча чечиле элек маселелер бар. Мен бул маселелерди четке кага албайм, деп кошумчалаган президент. Башкы прокуратура тарабынан экс-президенттин үй-бүлөсүнө байланыштуу козголгон 68 кылмыш иши учурда прокуратура органдарында тергелип жатат. Анын ичинен 27 кылмыш иши Майрам Акаева башкарып келген “Мээрим” кайрымдуулук коруна байланыштуу.