Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүгүн Азия мамлекеттерине кайрылып, алардын жетекчилерин СПИДдин жайылышына каршы чечкидүү чара көрүүгө чакырды. Уюмдун айтымында, абал азыркы бойдон калса, келерки беш жылдын ичинде жалгыз эле Кытайда бул илдетке 10 миллион адам чалдыгышы мүмкүн. Дүйнө жүзү боюнча былтыр беш миллион адам ооруган жана оорулуулардын жалпы саны азыр 45 миллионго жетти.