Париж шаарында жайгашкан Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму бүгүн тараткан маалыматка караганда, Европа мамлекеттериндеги экономикалык өсүш быйыл орто эсеп менен 1,4 пайыз болот, эмдиги жылы болсо 2,1 пайызга чейин көтөрүлөт, Америка Кошмо Штаттарында болсо быйылкы өсүш 3,6 пайызга жетип, 2007 жылы 3.3 пайызга чейин төмөндөйт. Жапониядагы өсүш быйылкы 2,4 пайыздан эмдиги жылы эки пайызга чейин түшөт, ал эми Кытай экономикасындагы өсүш эмдиги жылы 9,4 пайызга жетет жана кийин дагы өсөт.